Ушул жылдын 4 апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Джаманбаев «Ташкент Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженерлери институту» Улуттук изилдөө университетине барды

98

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Джаманбаев «Ташкент Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженерлери институту» Улуттук изилдөө университетинин ректору Баходир Мирзаевдин чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын алдыңкы университеттеринин бирине иш сапары менен барды.

Ректор Б.Мирзаев университет тууралуу кеңири маалымат берип, окуу жайдын билим, илим жана өндүрүш менен интеграциясы тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерди, докторанттарды, профессорлорду жана окутуучуларды алмашуу, кыргыз-өзбек университеттеринин ортосунда эл аралык конференцияларды жана илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу, ошондой эле кыргызстандык абитуриенттер үчүн квота бөлүү маселелери талкууланды.

Элчи ошондой эле окуу жайдын окуу процесси жана лабораториялары менен таанышты. Соңунда Муса Джаманбаев университеттин ректорун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK