Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргызстан менен Өзбекстан маданий-гуманитардык чөйрөдө тыгыз кызматташтыкты улантууда.

Бул кызматташуунун алкагында Өзбекстан тараптын эсебинен Ош шаарында 630 орундуу жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча ири долбоор ишке ашырылган. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Маданият жана искусство күндөрү (октябрь, 2018-жыл), ошондой эле Өзбекстандын маданият күндөрү (октябрь, 2017-жыл) чоң ийгилик менен өттү. Мындан сырткары, 2018-жылы жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстанда мамлекеттик деңгээлде белгиленди.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. 

Ушуну менен катар, маданий-гуманитардык чөйрөдө бир катар документтерге:Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Дене тарбия жана спорт министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумуна, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Маданият иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Маданият жана искусство тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-чаралардын Планына, 2017-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумунун алкагында эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруу тууралуу 2021–2022-жылдарга иш-чаралардын Календарына, эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстанда өтүп жаткан маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышууну улантууда.