Кыргыз дипломаттары АКШнын туристтик визаларынын мөөнөтүн узартуу маселесин талкуулашты

2022-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АКШда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин, консулдук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу, ошондой эле АКШнын Бишкектеги элчилигинде АКШ визасы үчүн маектешүүнүн күнүмдүк өтүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

     312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK