Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков Азияда ишенимдин өз ара аракеттери жана чаралары боюнча кеңешменин (АИϴЧК) катышуучу-өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

2020-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков видеоконференцбайланыш форматында Азияда ишенимдин өз ара аракеттери жана чаралары боюнча кеңешменин (АИϴЧК) катышуучу-өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан Республикасы Тажикстан Республикасынан Азияда ишенимдин өз ара аракеттери жана чаралары боюнча кеңешмеде төрагалыкты кабыл алды, ошондой эле АИϴЧКнын Катчылыгынын жаңы Аткаруучу директору болуп Кайрат Сарыбай (Казакстан Республикасы) көрсөтүлдү.

Катышуучулар COVID-19дун жайылуу шартында АИϴЧКнын мүчө-мамлекеттеринин кызматташууларын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты жана 2020-2022-жылдардагы төрагалык мезгилде казакстан тарабынан сунушталган артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча пикир алмашышты.

КР тышкы саясий ведомствонун башчысы өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасы ϴз ара ишенимди жана региондук коопсуздукту бекемдөө боюнча кеңешменин максаттарын жана принциптерин бекем колго аларын белгиледи. COVID-19 пандемиясынын шартында туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөө үчүн АИϴЧК мейкиндигинде ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучуларынын көңүлдөрү Курчап турган чөйрөнү коргоо, биоартүрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча токтоосуз чараларды кабыл алууга багытталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын «Жаратылыш: чектөөнү тааныбайт аралар аралык кызматташуу –биоартүрдүүлүктү сактоодо жана пайдаланууда негизги фактор» резолюциясынын долбоорун илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесине бурулду.

Министр Ч.Айдарбеков АИϴЧКнын мындан ары өнүгүшү жана бекемделиши боюнча Казакстандын күч-аракетин жогору баалады жана төрагалык мезгилде казакстан тарабына ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK