КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин орун басары А.Артыкбаевдин төрагалыгы астында Бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын катышуусун сапаттуу уюштуруу боюнча иштин алкагында жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин орун басары А.Артыкбаевдин төрагалыгы астында 2021-жылдын 21-октябрында Бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын катышуусун сапаттуу уюштуруу боюнча иштин алкагында Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Элчиси А.Жумабаевдин, Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Башкы консулу Т.Абдижалилдин (видеоконференция форматында), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, «Дубай ЭКСПО-2020» алкагында улуттук көргөзмө оператору жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча бардык уюштуруу жана техникалык маселелерди чечүүгө жооптуу болуп дайындалган Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрдин орун басары А.Артыкбаев бул уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдонуп, республиканы бул аянтчада жакшы деңгээлде көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, анын алкагында Кыргыз Республикасы туристтик потенциалга, инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачуу менен жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө катары көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп, келечекте өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кошумча дивиденддерди алып келе тургандыгын билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын улуттук павильонун жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары чет элдик коомчулукка либералдык инвестициялык саясат жүргүзгөн инновациялык жана техникалык потенциал, өлкөнүн эң бай маданий жана тарыхый мурасы, туризм секторундагы бай жана ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга мүмкүндүк бере турган экспозицияны тартуулоонун ар кандай варианттарын сунушташты.

А.Артыкбаев бардык кызыкдар тараптарды Кыргыз Республикасынын бул көргөзмөгө катышуусун уюштурууга максималдуу күч-аракеттерди жумшоого, берилген мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга жана өлкөнүн бардык мүмкүн болгон потенциалын берилген масштабдуу аянтта ачууга аракеттенүүгө чакырды. Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнү өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Соода -өнөр жай палатасына жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле 2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтө турган «Дубай ЭКСПО-2020» алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүн тийиштүү деңгээлде өткөрүү маселелери талкууланды. Бул иш-чаранын жүрүшүндө желек көтөрүлүп, гимндин аткарылуусу, ошондой эле маданий иш-чаралардын уюштурулушу, кыргыз-эмират бизнес форуму, ата мекендик продукциялардын көргөзмөсү жана туристтик роуд-шоу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакын арада биргелешкен аракеттер менен Кыргыз Республикасынын улуттук павильонунун улуттук кыргыз аксессуарлары менен толуктоо жана дизайнына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле экспозициянын ичине тиешелүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: «Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү 2021-жылдын 1-октябрынан 2022-жылдын 31-мартына чейин Дубайда өткөрүлөт жана Жакынкы Чыгыш менен Түштүк Азия аймагынын тарыхында биринчи жолу уюштурулган масштабтуу иш-чара болуп саналат. Архитектура, маданият, өз мамлекеттеринин инновацияларын тартуулаган иш-чарага 190дон ашык өлкө катышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK