Кыргызстандын Даниядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын ТИМинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллерупке ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

2021-жылдын 22-октябрында резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллерупке ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллеруп Элчи Эрлан Абдылдаевди резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Дания Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, Даниянын Тышкы иштер министрлиги Элчинин миссиясын ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Элчи Эрлан Абдылдаев каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-даниялык ар тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгиледи. Жолугушууда маектештер эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK