Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Касым-Жомарт Токаев жылуу баарлашууда Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана боордош кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, сүйлөшүүдө 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK