Бишкек шаарында 4-Кыргыз-Пакистан соода жана инвестициялык форуму болуп өттү

2023-жылдын 16-18-мартында Бишкек шаарында экономикалык дипломатияны өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен 4-Кыргыз-Пакистан соода жана инвестициялык форуму болуп өттү.

USAIDдин “Пакистандын экономикалык интеграциялык ишмердүүлүгү” долбоорунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жана эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн көмөгү менен уюштурган иш-чарага соода, фармацевтика, айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү, курулуш, машина жасоо, химиялык өнөр жай, логистика, туризм ж.б. тармактардан 100дөн ашык кыргыз жана пакистандык компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Куттуктоо сөздөрүн Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору У.Темиралиев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.Сариев, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Д.Ибраев, USAIDдин “Пакистандын экономикалык интеграциялык ишмердүүлүгү” долбоорунун башчысы Х.Б.Бурки, USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси К.Адамс жана Пакистандын Коммерция министрлигинин кызматтар жана электрондук коммерция департаментинин директору М.С.Хан айтышты.

Форумдун катышуучулары соода-экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүктү кеңейтүү жана эффективдүү логистикалык каттамдарды түзүү маселелери боюнча пикир алышышты.

Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар болуп, алардын жүрүшүндө ар түрдүү тармактарда мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишишти.

Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги менен “Global Business Alliance” компаниясынын ортосунда электрондук соода аянтчасын түзүү боюнча Меморандумга, ошондой эле Неман-Фарм менен Хиранис компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана коммерциялык келишимге кол коюлду.

Пакистандык бизнес-делегацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Б.Төрөбаев да кабыл алып, Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасы менен ар тараптуу байланыштарды, анын ичинде соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, пакистандык инвесторлорду кыргыз тарабы жарыялаган ар түрдүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Мындан тышкары, пакистандык делегациянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары У.Садыков, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Д.Ибраев жана “Кыргызиндустрия” ААКнын өнөр жай тармактары боюнча вице-президенти Ж.Сагынбаев менен эки тараптуу жолугушууларга катышып, “Бишкек” Эркин экономикалык зонасынын, «Дордой» базарынын жана «Кант ТШП» труба-шифер ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK