Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагындагы кызматташтыгы жөнүндө

Шериктештик түзүлгөн мезгилдеп тартып Кыргызстан Уюмдун алкагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, жалпы гуманитардык мейкиндикти сактоону жана коопсуздук жана укуктук тартип чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү ырааттуу жактап келген. Кыргызстандын КМШнын алкагындагы интеграциялык процесстерге катышуусу, тышкы саясий ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Жалпысынан, мындай кызматташуунун тажрыйбасы өлкөнүн тышкы саясий жана экономикалык ченемде калыптануусу үчүн пайдалуу болду.

Кыргыз Республикасы, Шериктештиктин уставдык органдары – Мамлекет башчыларынын кеңешинин, Өкмөт башчыларынын кеңешинин, Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жана Экономикалык кеңештин ишине, ошондой эле КМШнын 69 тармактык органдарына катышуу менен, тышкы саясий маселелер боюнча, соода-экономикалык жана финансылык чөйрөлөрдө, маданий-гуманитардык жаатта, коопсуздук жана укуктук мамилелер маселелери боюнча кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө түрткү берет.  

2016-жылы Кыргыз Республикасы Шериктештикте төрагалык кылган. Төрагалыктын негизги артыкчылыктуу максаттары катары теңдик, ишеним, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук принциптеринде негизделген, КМШга катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу конструктивдүү кызматташтыкты андан ары бекемдөө, ишинин натыйжалуулугуна жана иш жүзүндөгү пайдасына баа берүүгө негизделүү менен КМШнын тармактык органдарын оптималдаштыруу жана реформалоо, аткарган милдеттердин жана тапшырмалардын кайталанышын жоюу, алардын ишинин андан да экономдуу механизмин түзүү болгон.

КМШны оптималдаштыруу маселесинде Кыргыз Республикасы КМШны реформалоо маселелерине теңдемделген жана прагматикалык мамиле жасоону кармануу зарылдыгы жөнүндө өзүнүн позициясын так белгилеген. Атап айтканда, Шериктештиктин эң жогорку органдарынын күн тартиптерин максималдуу жеңилдетүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Күн тартиптерин кайра форматтоо боюнча кыргыз тарабынын сунушу негиз катары алынган. Тармактык органдарды оптималдаштыруу, ашыкча жумушчу түзүмдөрдү жана катчылыктарды кыскартуу, алардын ишинин андан да экономдуу механизмин түзүү боюнча иш жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасыныни позициясы өзгөрүүсүз калууда жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин интеграцияланышын андан ары тереңдетүүдө турат, анткени Шериктештик мурдагы совет өлкөлөрү үчүн өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелердин кең чөйрөсү боюнча кенен диалогдук аянтча катары калууда.

Кыргызстан Шериктештикти трансформациялоону жана ашыкча түзүмдөрдү кыскартуу, иш-чараларды өткөрүүгө жана аппараттарды күтүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу аркылуу, ошол эле мезгилде бул маселелерге теңдемделген жана прагматикалуу мамиле жасоону кармануу менен, анын тармактык органдарын андан ары реформалоону жактайт.