По вопросу въезда на территорию Республики Казахстан для получения виз из дипломатических представительств, расположенных в городах Нур-Султан и Алматы

COVID-19 жайылышына каршы карантиндик иш-чараларга байланыштуу Казакстан Республикасынын чек арасынан өтүү боюнча учурдагы убактылуу чектөөлөрдүн шартында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Нур-Султан жана Алматы шаарларында жайгашкан чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүндө визаларды алуу үчүн Казакстан Республикасына сапар тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда.

Казакстан тарап тарабынан убактылуу чектөөлөр киргизилгенден бери, Министрлик тарабынын Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилигине дипломатиялык нота жөнөтүү аркылуу 2000ден ашык Кыргыз Республикасынын жаранын Казакстанга кирүүсү боюнча жардам көрсөттү.

Ошол эле учурда, ортомчулар жана уюмдар Казакстан Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде бул кызмат үчүн акы төлөө зарылдыгы жөнүндө айтып, акы алган учурлар бар.

Ушуга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Казакстан Республикасынын аймагына кирүү маселесин макулдашуу үчүн Кыргызстандагы Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө дипломатиялык нота жиберүү акысыз экендигин эскертет.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Казакстанга кирүү маселесин белгилүү бир акыга тездетүү боюнча ортомчулардын же уюмдардын шектүү сунуштарына ишенбөөгө чакырат.

Нур-Султан жана Алматы шаарларында жайгашкан өкүлчүлүктөрүндө үчүнчү өлкөлөрдүн визаларын алуу үчүн Казакстан Республикасына кирүүгө уруксат алуу маселесин макулдашуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- жарандын жазуу жүзүндөгү арызы (жеке өзү толтурулган), же чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча кызмат көрсөткөн юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү арызы;

- Кыргыз Республикасынын жаранын тастыктаган документтин көчүрмөсү (ID паспорту, жлапы жарандык паспорт);

- Нур-Султан жана Алматы шаарларында жайгашкан чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде виза тариздөө үчүн негиз болгон документтин көчүрмөсү (мамлекеттик же расмий тилдерге которуу менен).

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасына кирүү маселесин кароо мөөнөтү 5 күндөн 10 жумушчу күнгө чейин жана ал кыргыз тарабынын Казакстан Республикасынын компетенттүү органдарына кайрылуусунун ички макулдашуусу менен байланышкан.

Арыздар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дареги боюнча, дүйшөмбү - жума күндөрү, саат 9.00дөн 18.00гө чейин же электрондук почта: dks@mfa.gov.kg дареги боюнча кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн, Министрлик, 0312 663250 (кошумча номер 121) номери боюнча байланышууну суранат.