Евразиялык экономикалык союзунун алкагындагы жарандарды иш менен камсыз кылуу жана өткөрүү механизмдери жөнүндө маалымат

“Евразия Экономикалык Союзу жөнүндө” келишимдин 26-бөлүмүнө ылайык ЕАЭСтин катышуучу мамлекеттеринин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартибин кыйла жеңилдеткен шарттар түзүлөт.

  1. Эмгекчи-мигранттарды тартуу ишмердиги, иш берүүчү тарабынан улуттук эмгек базарын коргоо боюнча чектөөнү (квотаны) эске албастан ишке ашырылат;
  2. Эмгекчи-мигранттар эмгектенүү үчүн уруксат албастан туруп, ЕАБдын аймагында ишке орношо алышат;
  3. Эмгекчи-мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө кирген күндөн тартып 30 сутка аралыгында ыйгарым укуктуу органдарында каттоого туруудан (турган жери боюнча эсепке коюудан) бошотулат;
  4. Эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жүрүү мөөнөтү иш берүүчү менен түзгөн колдонуудагы эмгек келишиминин мөөнөтү боюнча аныкталат;
  5. Эмгекчи-мигрант өлкөгө кирген күндөн 90 сутка өткөндөн кийин эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулса, ал 15 күндүн аралыгында жаңы эмгек келишимин түзүүгө, ошол эле учурда башка иш берүүчү менен мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө укуктуу;
  6. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтер таануу жол-жобосун (нострификация) жүргүзбөстөн таанылат (педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевттик билими тууралуу документтерден тышкары).
  7. Эмгекчинин эмгек стажы, ишке орноштурган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыз кылууну кошпогондо, социалдык камсыз кылуу максатында анын жалпы эмгек стажысына киргизилет. Пенсиялык камсыз кылуу мүчө мамлекеттердин ортосундагы өзүнчө эл аралык келишимдердин негизинде жөнгө салынат (азыркы учурда мындай өзүнчө келишим жок, бирок маселе талкууланып жатат).
  8. Эмгекчилер ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей деңгээлде профсоюздарга кирүүгө укуктуу.
  9. Эмгекчилердин өзүлөрү менен чогуу жашаган балдары ишке орноштурган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки мекемелерге барууга, билим алууга укуктуу.
  10. ЕАБдын мүчө мамлекеттери эмгекчилерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык тез жардамды (экстрендүү жана кечиктирилбеген формада), өзүлөрүнүн жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруу полисинин бар же жок экендигине карабастан бекер пайдалануу укугун берет. Калган учурларда иш берүүчү тарабынан же өз алдынча таризделген медициналык камсыздандыруу полиси болушу керек.