Кыргыз Республикасынын Эл аралык деңиз уюмуна (ИМО) кошулуусу боюнча КР ТИМ комментарийлери

2024-жылдын 27-февралында Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна (ИМО) кирген 176-мамлекет болду.

Кыргызстандын ИМОго кириши дүйнөлүк океанга чыгуучу транспорттук коридорду өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз Республикасы уюмдун толук укуктуу катышуучусу катары региондук логистикалык жолдорго кыйла натыйжалуу интеграцияланып, өзүнүн транзиттик потенциалын өнүктүрө алат.

Уюмга мүчө болуу, ошондой эле "желекке ыңгайлуу" рынокко кирүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул деңиз кемелерин өз желеги астында каттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул кирешелүү деңиз жүк ташуу, жаңы технологиялар, окутуу жана аймакта жарандарды жумушка орноштуруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана башка көптөгөн артыкчылыктарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Маалымат үчүн: бир катар Борбордук Азия жана бул аймакка жакын деңизге чыгуусу жок өлкөлөр ИМОго кирген: Түркмөнстан (1993-жылдан), Грузия (1993-жылдан), Украина (1994-жылдан), Казакстан (1994-жылдан), Азербайжан (1995-жылдан), Монголия (1996-жылдан), Молдова (2001-жылдан), Беларусь (2016-жылдан), Армения (1993-жылдан 2018). Бириккен Улуттар Уюмунун деңизге чыга албаган мүчө мамлекеттер тобунун ИМОго кирген башка өлкөлөрү болуп Боливия, Парагвай, Зимбабве, Замбия, Малави, Уганда, Эфиопия, Непал, Македония саналат.

ИМОго кошулуу Кыргыз Республикасынын эл аралык жана улуттук кадыр-баркын бекемдейт, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү жана коргоо, ошондой эле дүйнөлүк коомчулукка жана экономикага интеграциялануунун жаңы жолдорун алууга кеңейтет.