Министр Ж.Кулубаев Франция-Борбордук Азия Достук тобунун төрагасы Эрве Морэ мырза жана Франция Сенатынын депутаттары менен жолугушту

2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия-Франция Достук тобунун төрагасы Эрве Море башында турган Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев француз парламентчилерине өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Францияга болгон сапарынын негизги жыйынтыктары жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан кийинки кадамдар тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын позитивдүү динамикасы белгиленген, атап айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу өз ара сооданын көлөмү 36% га жогорулаган.

Кыргызстандын ТИМинин башчысы Сенаттын өкүлдөрүнө гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө француз Electricite de France, Total Energies жана Voltalia компаниялары менен кызматташуу тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, ал өлкөдө лыжа туризмин өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Министр Ж.Кулубаев сенаторлорго Кыргызстандын тышкы саясий артыкчылыктары, тактап айтканда, коңшу өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүсү жана Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде Сенатор Э.Море Министрге мазмундуу маеги үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен кызматташтыкты бекемдөөдөгү аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду жана ар тараптуу кызматташтыкты конкреттүү соода жана инвестициялык долбоорлор менен толуктоо боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK