Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Элдик Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий кеңешмелер жөнүндө

2024-жылдын 22-апрелинде Бангладештин Дакка шаарында Бангладеш тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын жана Бангладеш Элдик Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий кеңешмелер ийгиликтүү өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми Бангладеш тарапты Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Масуд бин Момен жетектеди.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын талкуулашты, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүүнү макулдашышты, ошондой эле мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүн болуучу артыкчылыктары боюнча пикир алмашышты.

Саясий чөйрөдөгү өз ара кызматташуу маселелерине токтолуп, А.Атаханов кыргыз-бангладеш эки тараптуу мамилелери өз ара түшүнүшүү, БУУ, ИКУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы күн тартибинде турган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позициялардын окшоштугу менен мүнөздөлөөрүн белгиледи. Ошону менен бирге кыргыз тарап, Кыргыз Республикасы менен Бангладештин эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.

Экономикалык дипломатияны өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы укуктук-келишим базаны кеңейтүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин орун басары А.Атаханов эки өлкөнүн ортосунда чоң соода-экономикалык дарамет бар экенин белгиледи.

Тактап айтканда, А.Атаханов Кыргызстан Бангладеш менен текстиль жана тигүү өнөр жайы, агрардык, кайра иштетүү, даары-дармек, туризм жана IT сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Бангладеш франчайзинг чөйрөсүндө лидер болуп эсептелет жана Бангладештин текстиль рыногу 19,04 миллиард АКШ долларына бааланат. Даяр кийимдердин негизги кардарлары АКШ жана ЕБ өлкөлөрү болуп саналат. Бул тармакта Бангладеште 3 миллиондон 5 миллионго чейин адам эмгектенет.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты жана БУУ, ИКУ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын айдыңдарында аймактык кызматташтык маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бангладеш Элдик Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу кеңешмелерди үзгүлтүксүз өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK