Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сербиянын Премьер-министринин биринчи орун басары – Тышкы иштер министри Ивица Дачич менен телефон аркылуу сүйлөштү

2024-жылдын 23-апрелинде сербиялык тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев жана Сербиянын Премьер-министринин биринчи орун басары – Тышкы иштер министри И.Дачичтин ортосунда телефонк сүйлөшүү орун алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, атап айтканда И.Дачичтин 2023-жылдын 6-апрелинде Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды илгерилетүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташууну кеңири активдештирүүгө, ошондой эле экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктери билдиришти.

Ошондой эле, министрлер эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK