Сауд Арабиясында Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун бет ачары болду

2024-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А.Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясынын Сауд Арабияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Н.Керимов “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу долбоорунун презентациясын жасады.

Иш-чарага Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун (Араб координациялык тобунун мүчөлөрү), ошондой эле Саудиянын эң ири “Acwa Power” энергетикалык компаниясынын өкүлдөрү чакырылган.

Өз сөзүндө Элчи У.Марипов бул долбоордун Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн маанисине кыскача токтолуп, ал араб фонддорун жана Acwa Power компаниясын бул долбоорду ишке ашырууга активдүү катышууга жана аны эл аралык аянтчаларда жылдырууга көмөктөшүүгө чакырды.

КРдин Энергетика министринин орун басары Н.Керимов “Камбар-Ата 1” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болоорун белгиледи. Жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу болжолдонууда.

Араб фонддорунун жана Саудиянын “Acwa Power” компаниясынын өкүлдөрү бул стратегиялык долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашырууга катышууга кызыкдар экенине ишендиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK