Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 2024-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты. Министрликтин кызматкерлери Тышкы иштер министрлигинин имаратынын айланасын тазалашты.

Тазалоо иштеринин жүрүшүндө белгиленген жер куурап түшкөн жалбырактардан, бутактардан, отоо чөптөрдөн жана башка таштандылардан тазаланды.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.

Ошентип, КР Тышкы иштер министрлигинин жамааты өлкөдөгү туруктуу тазалыкты сактоого салым кошууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK