Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарында текстиль тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай бизнес форуму өттү

2024-жылдын 6-майында Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарынын Кэцяо районунда текстиль өнөр жайынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кыргыз-кытай бизнес форуму болуп өттү.  Анын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Кытайдагы Элчилиги жана Шаосинь текстиль шаарынын Чет өлкөлүк рынокторду илгерилетүү Ассоциациясы болушту. 

Иш-чарага Кыргызстандын текстиль индустриясынын 70тен ашык өкүлдөрү жана кытай компанияларынын 40ка жакын өкүлдөрү катышты. 

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Мусаева өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналарын жана Кытай көп жылдар бою Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи. 

Бизнес-форумдун алкагында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы менен Шаосинь текстиль шаарынын Чет элдик рынокторун илгерилетүү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

2024-жылдын 7-майында кытай компанияларынын 700дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн В2В жолугушууларынын жүрүшүндө Кыргызстандын тигүү фабрикаларынын өкүлдөрү потенциалдуу өнөктөштөр менен түз байланыштарды түзүшүп, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эки күндүк бизнес-форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын рыногун изилдөө максатында, Шаосинь шаарынын эксперттеринин үстүбүздөгү жылдын август айында  Кыргызстанга сапарын уюштуруу тууралуу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK