Элчи Бакыт Аманбаев Канаданын спикери Грег Фергус менен жолугушту

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Аманбаев Канаданын спикери Грег Фергус менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана келечекте биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Элчи Б.Аманбаев соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасында мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо, регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүү багытында аткарылган иш чаралар тууралуу  кеңири маалымат берди. Элчи ошондой эле келечекте эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында Канада парламентинде Кыргыз-Канада достук тобун түзүүнү сунуштады.

Канаданын Спикери парламенттер аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү ар тараптуу колдой тургандыгын билдирди. Ошондой эле Спикер тиешелүү кызматкерлерине бул багытта биргелешкен иш чараларды алып барууну  тапшырды. Мындан тышкары, тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле 2024-жылдын 29-апрелинде Элчи Б.Аманбаев Канаданын сенатору Виктор О менен жолугушту. Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү маселери талкууланып, келечекте биргелешип иш алып баруунун пландары макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK