2019-жылдын 18-апрелинде Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин Кыргыз Республикасына Биринчи расмий иш-сапары болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун чакыруусу боюнча 2019-жылдын 18-апрелинде Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин Кыргыз Республикасына Биринчи расмий иш-сапары болуп өттү.

Ачык, достук жана конструктивдүү атмосферада өткөн жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин Тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелердин заманбап деңгээлине канааттануу менен баа беришти.

Министрлер кыргыз-афган кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Тараптар Афганистанда жана жалпысынан региондо тынчтыкты эртерээк орнотуу максатында регионалдык коопсуздук түзүмүн бекемдөө жана азыркы чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү маселелеринде бири бирин өз ара колдой тургандыгын тастыкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелерине  өзгөчө көңүл бурулуп, бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү биргелешип күчөтүүнүн андан аркы жолдору талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов менен Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани Афганистан Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Ошондой эле кыргыз-афган мамилелеринин учурдагы абалын жана мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүнүн келечегин чагылдырган Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Кол коюу аземинен кийин эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин Башчылары пресса үчүн билдирүү жасашты.

Иш-сапардын алкагында Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани «Ата-Бейит» Мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы (Үркүн) кайгылуу окуяларда каза болгондордун монументине гүл койду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK