Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 15-майда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ала-Арча”мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астына Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Өлкө лидерлери бири-бири менен салам алышкандан кийин, Кыргызстан менен Малайзиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Андан соң Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматкерлери өлкө башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим биргелешкен сүрөткө түшүп, кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK