Чикаго шаарында КРнын Башкы консулу Болотбек Борбиев Индиана штатынын Мамлекеттик катчысы Диего Моралес менен жолугушту

2024-жылдын 14-майында Чикаго шаарында КРнын Башкы консулу Болотбек Борбиев менен Индиана штатынын Мамлекеттик катчысы Диего Моралестин жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиана штатынын ортосундагы айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Башкы консул Б.Борбиев экономиканы өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба тармагынын маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Индиана штатынын катчысы Д.Моралес Кыргызстан менен Индиана штатынын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, Кыргызстан жана Индиана штаттында да айыл жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн тажрыйба жана алдыңкы технологиялар менен алмашууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул маанилүү чөйрөдө активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин белгилешти жана биргелешкен долбоорлорду демилгелөө боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу үчүн мындан аркы консультацияларды өткөрүүгө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK