Элчи Идрис Кадыркулов Румыниянын ТИМнин Мамлекеттик катчысы Анна Тинкага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды
2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркуловдун Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Анна Тинкага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара видеоконференция форматында өттү.
Тараптар кыргыз-румын байланыштарын жогорку деңгээлде өнүктүрүүнүн оң динамикасын ырасташты. Алар бүткүл спектр боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экендиктерин билдиришип, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Элчинин кызмат мөөнөтү боюнча иш планын талкуулашты.