Элчи Өмүрбек Текебаевдин «FAV Service gGmbH» уюмунун директору Хайко Шюлер менен жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 30-апрелинде Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин «FAV Service gGmbH» уюмунун директору Хайко Шюлер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тюрингияда Кыргызстандык жаштарды квалификациялуу даярдоо жаатында «FAV Service gGmbH» менен кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Х.Шюлер Кыргызстандык жаштарды Германияга кесиптик окууга тартуу максатында германиялык делегациянын жакында Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, германиялык компанияларда кадрларды даярдоонун чоң потенциалы бар экендигин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын студенттеринин Тюрингияга 2024-жылдын сентябрь айында келүүсү пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, ушул жылдын май айында «FAV Service gGmbH» өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кезектеги иш сапары пландалып жаканын, анын жүрүшүндө Тюрингияда бул окуу программасы боюнча маалымат иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Маалымат үчүн: "FAV Service gGmbH" Кыргызстандык жаштарга Тюрингиядагы компанияларда ар кандай адистиктер боюнча үч жылдык кесиптик билим берүүнү сунуштайт. Окутуунун негизги шарттарынын бири - В2 деңгээлинде немис тилин билүү. Окутуу Германия тараптан каржыланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK