Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту.

Элчи Р.Казакбаев М.Явашты 2024-жылдын 31-мартында бүткүл Түркия боюнча өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча Анкара шаарынын мэри кызматына кайра шайланышы менен куттуктап, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин куттуктоо катын тапшырды.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосундагы боордош шаар мамилелери боюнча түзүлгөн келишимди эске алуу менен, Элчи борборлордун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө чакырып, Анкара шаарынын мэриясынын делегациясын жана бизнес-коомчулуктарын Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK