Элчи Таалай Базарбаев Италиянын Премьер-министринин Дипломатиялык кеңешчиси Фабрицио Саджо менен жолугушту

2024-жылдын 2-майында Киджи сарайында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Премьер-министринин Дипломатиялык кеңешчиси Фабрицио Саджо менен жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде, эки тараптуу иш сапарларды жогорку жана бийик деңгээлде уюштуруу маселесин талкуулашкан. Сапарларга даярдык көрүүнүн алкагында учурда каралып жаткан эки тараптуу документтердин долбоорлору жөнүндө ишти активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Ошондой эле Элчи Т.Базарбаев маектешине Кыргызстандын тышкы саясий артыкчылыктары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымдаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK