Элчи Т.Базарбаев Италиянын тарыхка чейинки изилдөөлөр жана таш чиймелери искусствосу археологиялык Борборунун директору Т.Читтадинини менен жолугушту

2024-жылдын 29-апрелинде Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Базарбаев Италиянын «CentroCamuno di Studi Preistorici» тарыхка чейинки изилдөөлөр жана таш чиймелери искусствосу археологиялык Борборунун директору Т.Читтадинини кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчиликтин көмөгү менен «CCSP» Борбору менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекциясынын ортосунда 2023-жылда кол коюлган Кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланган.

Т.Читтадини 2023-жылы Камониканын Альп өрөөнүндө Кыргызстандын адистери жана профессорлору катышкан «Салыштырмалуу таш чиймелери искусствосу: Кыргызстандын жана Камоника өрөөнүнүн маданий мурастары» аттуу ийгиликтүү уюштурулган таанышуу семинарын канааттануу менен белгилеген.

Италиялык тарап 2024-жылдын жай айларында Италияда Кыргызстандын, Марокконун, Бразилиянын жана башка өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн катышуусунда таш чиймелери искусствосу боюнча эл аралык семинарларды уюштурууну маалымдаган. Ошондой эле Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин колдоосу менен 2024-жылдын август айында Кыргызстандын Фергана өрөөнүнө жана Өзгөн районуна Италиянын археологиялык миссиясын уюштуруу пландалып жатканын билдирген. Миссиянын жүрүшүндө, GPS спутниктик навигация системаларын колдонуу менен археологиялык эстеликтерин картаграфиялоо, изилдөө жана маалыматтарды чогултуу болот.

Ошондой эле, Элчи Т.Базарбаев Т.Читтадини менен 2024-2025-жылдары Кыргызстандын петроглифтери боюнча эл аралык көргөзмөнү уюштуруу жана андан кийин каталогун чыгаруу маселесин талкуулаган.

Маалымат үчүн: Ломбардия регионундагы Камоника өрөөнү - Европадагы эң чоң петроглифтер коллекциясын камтыган ЮНЕСКОнун маданий мурасы. «CCSP» Археологиялык борборунда каталогдук документтерди жана дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн көптөгөн объектилерди изилдөөлөрдү камтыган Бүткүл дүйнөлүк таш чийме искусствосунун архиви жайгашкан.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK