Элчи Т.Базарбаевдин италиялык “Aqua e Terme di Fiuggi S.p.A” компаниясынын Башкы директору Марко Камплоне менен жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 18-апрелинде Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаевдин италиялык “Aqua e Terme di Fiuggi S.p.A” минералдык ичүүчү суу чыгаруучу компаниясынын Башкы директору Марко Камплоне менен жолугушкан.

Жолугушууда Т.Базарбаев Кыргызстандын суу ресурстарынын олуттуу потенциалы тууралуу маалымат берген. Бөтөлкөдөгү сууга дүйнөлүк суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстандагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунуштаган. Ошондой эле Элчи кыргыз тараптын италиялык компания менен инновациялык технологияларды, жабдууларды тартуу жана мыкты өндүрүштүк тажрыйба алмашуу аркылуу кызматташууну түзүүгө даярдыгын билдирген.

М.Камплоне кыргыз тараптын сунуштарын, анын ичинде италиялык компаниянын өндүрүшүндөгү акыркы технологиялар менен таанышуу үчүн Кыргызстандын адистерин чакырууга даяр экенин билдирген.

Маалымат үчүн: «Aqua e Terme di Fiuggi S.p.A» италиялык компаниясы Италиядагы минералдык ичүүчү суунун алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн бири. Суу булагы Апеннин тоолорунун этегиндеги вулкандык аймакта жайгашкан, өзүнүн тазалоочу жана дарылык касиеттери, ошондой эле 1549-жылы көрүнүктүү сүрөтчү Микеланджело Буонарроти айткан микроэлементтери менен белгилүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK