Элчи Өмүрбек Текебаев Тюрингия Федералдык аймагынын Премьер-министри Бодо Рамелов менен жолугушту

2024-жылдын 30-апрелинде Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия Федералдык аймагынын Премьер-министри Бодо Рамеловдун расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосунда эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасалды.

Элчи Ө.Текебаев азыркы учурдагы кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы, Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы жүргүзүлүп жаткан экономикалык иш-чаралар боюнча маалымат берип, Тюрингиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестициялоого чакырды. Ал Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды Германияда даярдоо жаатында Тюрингия менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тюрингиянын Премьер-министри Бодо Рамелов Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы тыгыз карым-катнаштарты орноштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Тюрингиянын тоо-кен тармагында, жаңы технологиялар жана билим берүү тармагында кызматташуусунун чоң потенциалы бар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын күзүндө Тюрингиялык экономикалык делегациянын Кыргызстанга сапарын уюштуруу жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселелерин да талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK