2020-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Р.Бийбосуновдун Свердлов облусунда өткөрүлгөн Эскерүү жана кайгы-муң күнүндөгү салтанаттуу-аза күтүү аземдерине катышуусу жөнүндө

2020-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов чет элдик консулдук мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Уралдын борборундагы Широкореченский мемориалындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюуга арналган салтанаттуу-аза күтүү аземине катышты.

Улуу Ата Мекендик согуш башталган күнү – Эскерүү жана кайгы-муң күнү өткөрүлгөн иш-чара бир мүнөттүк тунжуроо менен башталды.

Мунун алдында Россия Федерациясынын Урал федералдык округундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Николай Цуканов, Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев, Борбордук аскер округунун аскер башчысы Александр Лапин, Екатеринбургдун башчысы Александр Высокинский, Екатеринбург шаардык Думасынын төрагасы Игорь Володин, дин ишмерлери жана региондун коомдук уюмдарынын өкүлдөрү Түбөлүк отко гүл жана гүлчамбарларды коюшкан.

Ушул эле күнү Руслан Бийбосунов Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген кесиптештери менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Невьянск шаарынын ок-дарыларды чыгарган №68 шаар түзүүчү механика заводунда, ошондой эле Свердлов облусунун Невьян районунун башка ишканаларында иштеген кыргызстандык, казакстандык, тажикстандык жана өзбекстандык эмгек жоокерлерине арналган Мемориалга гүл коюу аземине да катышты.

Дипломаттар, Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов, жергиликтүү жана регионалдык бийлик өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуш жылдары оорукта Улуу Жеңишке жетүүгө уралдыктар менен биргеликте өз салымын кошкон Борбордук Азиядан келген эмгек жоокерлерин эскеришти.

Башкы консул Р.Бийбосунов жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ушул салтанаттуу-аза күтүү иш-чарасын уюштургандыгы, оорук эмгекчилеринин, Борбордук Азиядан барган эмгек жоокерлеринин күжүрмөн эмгегин урматтап, бул тарыхый эстутумду бапестеп, сактап келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда СССРдин батыш жагындагы ишканалардын көпчүлүгү Уралга эвакуацияланып, бул жерде аскерий-өнөр жай өндүрүшү кеңири жайылтылган болчу. Маалыматтарга караганда, ошол мезгилде свердловчуларга 30 миңден ашуун адам жардамга келген. Борбордук Азиядан жөнөтүлгөн эмгек жоокерлери ошондой эле Челябинск облусунда да иштешкен.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK