Элчи Бакыт Аманбаев Канаданын тышкы иштер министринин орун басары Синди Терморшуйзен менен жолугушту

2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Аманбаев Канаданын тышкы иштер министринин орун басары Синди Терморшуйзен менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу маселеси талкууланды.

Жолугушуу учурунда Элчи Б.Аманбаев Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргызстандын ресурстук потенциалы жана экономикалык артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Канада менен келечекте эки тарапка ыңгайлуу негизде биргелешип иш алып бара турган долбоорлор тууралуу өз сунуш пикирлерин ортого салды. Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев жогорудагыдай долбоорлорду ишке ашырууну баштоо үчүн өкмөттөр аралык жыйын өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде С.Терморшуйзен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана ошондой эле өз ара пайдалуу кыргыз-канада кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эки тараптуу кызатташтыкты чыңдоо багытында өкмөт аралык жыйын өткөрүү боюнча иш алып барууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Мындан тышкары, тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK