Катмандуда Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугу ачылды

2024-жылдын 15-майында Непалдын Катманду шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Непалдагы Элчиси Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Элчи А.Бешимов Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң ири компаниялардын бири болгон «Sharma and Company Pvt.Ltd.» компаниясынын жетекчиси, консулдук патентти тапшырып, кеңсенин ачылышы менен куттуктады.

Элчи А.Бешимов өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Непалда жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз консулдугунун ишинин жогорку маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Рамеш Шарма бул иш-чара кыргыз-непал кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө мындан аркы түрткү берерин жана анын ишмердүүлүгү инвестицияларды жигердүү тартууга, туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө, маданий алмашууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарды коргоого багыттала турганын белгиледи.

Ушул эле күнү Непалдын Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Нараян Кажи Шрестанын, Непалдын шаар курулуш министри Дхану Буда жана бир катар парламентинин мүчѳлѳрү катышуусунда Катманду шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышына байланыштуу “Дусит Принцесс” мейманкана комплексинде салтанаттуу прием болду. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK