Кувейтте КАЭӨФ Операция департаментинин директору Абдулла Х.Аль-Мусайбих менен жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ө.Гапаров Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондунун (КАЭӨФ) Операция департаментинин директору Абдулла Халил Аль-Мусайбих менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана КАЭӨФ менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы жол куруу, энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы социалдык-экономикалык долбоорлорду талкуулашты.

Ө.Гапаров, ошондой эле Фонддун Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүү кызматташтыгына канааттангандыгын жана өлкө үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн насыялык жана гранттык колдоосу үчүн кыргыз тараптын ыраазычылыгын билдирди.

Соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын белгилешип, дайыма тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK