Кыргыз Республикасынын БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева 9-23 октябрянда БУУ Башкы Ассамблеясынын Биричи комитетинин Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан үчүнчү отурумунун жалпы дебатынын жүрүшүндө сөз сүйлөдү

2020-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева 9-23 октябрянда БУУ Башкы Ассамблеясынын Биричи комитетинин Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан үчүнчү отурумунун жалпы дебатынын жүрүшүндө сөз сүйлөдү. М.Молдоисаева, өз сөзүндө, Кыргыз Республикасы Ядролук куралсыздануу жана аны жайылтпоо Келишимин ядролук куралсыздануу жаатындагы эң олуттуу жана натыйжалуу эл аралык инструмент катары эсептээрин айтып өттү. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы глобалдык куралсыздануу, аны жайылтпоо максатында туруктуулукту сактаарын, ядролук курал колдонбогон эркин дүйнөнүн активдүү тарапташы экенин баса белгиледи. Туруктуу өкүл, ядролук куралсыз аймактын регионалдык жана глобалдык коопсуздукту чыңдоодо жана ядролук энергияны тынчтык максатта колдонууда, Борбор Азия региону айкын үлгү экендигин баса белгиледи. Буга байланыштуу М.Молдоисаева, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттери тарабынан сунуштала турган “Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндө келишим” резолюциясын колдоого чакырды. Кыргыз Республикасынын БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлү БУУнун куралсыздандыруу жаатындагы борбордук ролун, ошондой эле ядролуксуз дүйнөгө жетүү боюнча көп тараптуу механизмдерди сактап калуунун маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар, М.Молдоисаева өз сөзүндө, ядролук куралсыздануу жана аны таратпоого көмөктөшүү максатында атайын адистерди кесипке даярдоонун ролу тууралуу маанилүү маселеге катышуучулардын көңүлүн бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK