Кыргыз Республикасынын делегациясы кырдаалдык борборлорду пайдалануу боюнча Корея Республикасынын тажрыйбасы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен 2024-жылдын 26-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмоновдун Корея Республикасына иш сапары болуп өттү.

Сапардын жүрүшүндө А.Осмонов Кореянын кырдаалдык борборлорду пайдалануу боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Тактап айтканда, Сеул шаарынын дата-коопсуздук борборуна (Seoul Data Center CCTV), Сеул транспорттук тейлөө жана маалымат кызматы борборуна (TOPIS) баруусу, ошондой эле «PIOLINK» жана «NIA» (National Information Society Agency) компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу уюштурулду.

Бул уюмдардын жана компаниялардын ишмердүүлүгү Сеул шаарында коомдук коопсуздукту жана транспорттук тутумдун натыйжалуулугун камсыз кылууга, дата борборлорун орнотууга жана оптималдаштырууга, жасалма интеллектти колдонуу менен маалымат массивдерин иштеп чыгууга жана талдоого багытталган.

Аталган жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз тарап Түштүк Кореянын бул багыттагы тажрыйбасын үйрөнүүгө жана Кыргыз Республикасына заманбап технологияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасады.

Маалымат иретинде: Seoul Data Center CCTV - Сеул шаарындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча мониторинг борбору. Борбор Сеул шаарынын 25 районунан 176 371 видеокөзөмөл камераларынын маалыматтарын камтыйт.

Сеул транспорттук тейлөө жана маалымат кызматы борбору (TOPIS) - 2013-жылы Сеул шаарынын интеграцияланган башкаруу борбору болуп түзүлгөн, ал натыйжалуу жол кыймылын гана камсыз кылбастан, кырсык жана өзгөчө кырдаалдар функцияларын да сунуш кылат.

«PIOLINK» - булут борборлорун оптималдаштыруу, маалыматтарды иштеп чыгуу жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча адистешкен компания.

«NIA» (National Information Society Agency) - 1987-жылы Илим жана маалыматтык технологиялар министрлигинин жана Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин алдында негизделген, Маалыматташтыруу жана санариптик трансформация боюнча Улуттук аналитикалык борбор катары иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK