Элчи А.Анарбаев Малайзия Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзия Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Элчилигинде болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда ошондой эле эки өлкөнүн парламентарийлеринин, анын ичинде спикерлердин деңгээлинде сапарларын алмашуу боюнча биргелешкен ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Мындан тышкары, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы “достук топторунун” алкагында өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK