Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 1-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

2020-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Чечме" өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын Чечме аймагында 2020-жылдын 31-майындагы окуяны жана чек ара аймактарындагы абалды турукташтыруунун жолдорун талкуулашты.
Делегация Башчылары жергиликтүү бийлик органдарынын жана тараптардын укук коргоо органдарынын ирээтке келтирилген ишинин натыйжасында окуяны локалдаштырууга мүмкүн болгонун белгилешти. Бул органдарга тыгыз кызматташтыкта чыр-чатактарды болтурбоо максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырышты.
2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек ара аймагында ишеним чаралары боюнча Макулдашуунун жоболоруна ылайык чек арада пайда болуп жаткан маселелерди чечүү, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашууларына жетишишти.
Ошондой эле, делегация Башчылары жакынкы аралыкта эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумдарын өткөрүүгө макулдашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда делегация Башчылары бир күн мурун окуя болуп өткөн «Чечме» белгиленбеген бөлүгүндө болушту жана чек ара айылдарынын аксакалдары менен жолугушушту.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк деминде өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK