“Кыргызстан – Фошан: бизнести өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” бизнес-форуму өттү

2024-жылдын 18-22-апрелинде Кытайдын ири экономикалык борбору болгон Фошан шаарында "UNICERAMICS EXPO 2024" көргөзмөсү өттү.

2024-жылдын 20-апрелинде көргөзмөнүн алкагында «Кыргызстан – Фошан: бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу бизнес-форум өттү. Иш-чараны Фошан шаарынын Кытай эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча кеңешинин комитетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү уюштурду.

Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Х. Эргешов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү М.Кожокматова жана Кытайдын Фошан шаарындагы Эл аралык соода жардам берүү кеңешинин төрагасынын орун басары Лу Цзюнь Цзянь мырза чыгышты.

Форумга Кыргызстандын бизнес-коомчулугунан 50дөн ашык өкүлдөр чакырылды, алардын арасында «Авангард стиль», «Елизавета», «Роял Констракшн», «Эмарк строй», «Турпан строй» ж.б. Иш-чарага жалпысынан 100дөн ашык киши катышты.

Бизнес-форум учурунда эки өлкөнүн ишкерлери курулуш тармагындагы жетишкендиктери, идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бул форум Кыргызстан менен Кытай ортосундагы жаңы жана ийгиликтүү ишкердик өнөктөштүктөрдү баштоочу негиз болуп калат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK