Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С.Харази мырзаны кабыл алды

2020-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С.Харази мырзаны кабыл алды.

Ирандын Элчиси Ирандын тышкы иштер министри Дж.Зарифтин атынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрини болуп дайындалышы менен расмий куттуктоосун министр Р.Казакбаевге тапшырды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Р.Казакбаев маектешин Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымдады жана азыркы учурда өлкөдөгү кырдаал  турукташканын, болуп өткөн саясий процесстер укуктук талаага кайтканын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми бийликтин аткаруу органдары иштерин штаттык режимде улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Министр Р.Казакбаев Ирандын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын  май жана август айларында коронавируска каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга, ошондой эле Ош шаарында 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө иран грантына олимпияда чемпиону Г.Тахти атындагы кыргыз-иран достугунун спорт комплексинин курулушу аяктагандыгына жана аны Мэриянын балансына өткөрүлүп берилишине байланыштуу ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, Элчи С.Харази эки мамлекеттин ортосундагы жылуу жана боордош мамилелердин бардыгын ырастаган өз ара колдоо көрсөтүлүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын ортосунда орнотулган достук мамилелерди жогору баалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK