Министрдин орун басары А.Имангазиевдин Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушуусу тууралуу КР ТИМ маалымат билдирүүсү

2024-жылдын 18-майында Министрликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Хасан Али Зайгамдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын Элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.    

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Пакистан Ислам Республикасынын Элчисин кырдаал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK