МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин жаңы имаратын ачты

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземине катышты. Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Премьер-министр Абдулла Арипов Элчиликтин короосуна арча көчөттөрүн отургузду.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерин чагылдырган сүрөт көргөмөнү көрүп чыгышып, ардактуу меймандар китебине кол тамгаларын калтыргандан кийин, эстеликке сүрөткө түштү.

Иш-чарага ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин Өзбекстандагы Элчилери, диаспоралар, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар чакырылган.

Ошондой эле келген коноктор үчүн атайын боз үй тигилип, кыргыздын меймандостугу көрсөтүлдү.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK