Минскиде Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинде Жеңиш күнүнө карата жыйын-реквием өттү

7-майда Улуу Жеңиш күнүн майрамдоого карата Кыргыз Республикасынын Элчилиги Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин эстелигинде митинг-реквием өткөрдү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Беларусь Республикасынын мамлекеттик органдарынын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, Минск шаарынын Октябрь районунун коомдук уюмдардын, ишканалардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Кыргызстандын Элчиси Эрбол Султанбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Жумаш Асаналиев эрдиктин жана Мекенге болгон жан аябас сүйүүнүн символу гана эмес, Кыргызстан менен Беларусь элдеринин ортосундагы түбөлүк достуктун символу болуп саналат.

Митингде Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сергей Рачков жана КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Леонид Анфимов да сөз сүйлөштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK