Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө гуманитардык жүктү берүү аземи болуп өттү

2020-жылдын 30-май күнү Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө гуманитардык жүктү берүү аземи болуп өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жаңы дайындалган Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид, 2500 даана респиратор, 5000 даанадан медициналык колкап жана беткаптар, 2500 даана коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол транспорту менен жеткирилди.

Кыргыз тарап бир тууган элдин коронавирус менен күрөшүүдө өз убагында көрсөткөн жардамын жана колдоосун жогору баалайт жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK