Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ДИМУ) жаңы жетекчиси Дарен Танг менен болгон жолугушуусу

2020 - жылдын 15 - октябрында Женевадагы (Швейцария) Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун штаб-квартирасында Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жаңы жетекчиси Дарен Танг менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Д.Мукашев Дарен Тангды ДИМУнун Башкы директорунун кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, кийинки ишинде ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ДИМУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты, ошону менен бирге Д.Мукашев Дарен Тангга Уюм тарабынан Кыргызпатентке караштуу Инновациялык Борборду түзүү менен Кыргызстандагы инновациялардын экосистемасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана бул иш мындан ары да, анын ичинде Борбордун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана өлкөнүн региондоруна анын ишмердүүлүгүн жайылтуу боюнча иштердин улантыларына үмүтүн билдирди.

Туруктуу өкүл Башкы директорго ДИМУ менен Евразия Патенттик Уюмунун (ЕАПО) Кавказ, Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн региондорунда интеллектуалдык менчикти коммерциализациялоо жаатында технологиялык парктарды кеңейтүү боюнча биргелешкен долбоорунун ишине Кыргызпатенттин кызыгуусу жөнүндө маалымдады. Д.Мукашев, ошондой эле Уюмдун органдарында Кыргызстандын жарандарынын өкүлчүлүгүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маселени көтөрдү.

Дарен Танг ДИМУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, Уюм мындан ары дагы Кыргызпатенттин потенциалын чыңдоого көмөктөшөт деп ишендирди.

Жолугушуунун аягында Туруктуу өкүл Д.Мукашев Башкы директор Даррен Тангга 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразиялын патенттик конвенцияга Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасынын ратификациялагандыгы жөнүндө грамотаны тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK