Нотариальные вопросы

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу өз ыйгарым укугунун алкагында ишеним адамынын атынан ишеним каттарды жол-жоболоштуруу жана Кыргыз Республикасында укуктук аракеттерди жүзөгө ашырууга арыздарды күбөлөндүрүү түрүндө нотариалдык аракеттерди жүзөгө ашыра алат.

 Нотариалдык аракеттер Кыргыз Республикасынын Алматы шаарында жайгашкан Башкы консулдугунда арыз ээсинин жеке катышуусу жана төмөнкү документтерди тапшыруусу менен жүргүзүлөт:

  • Аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, электрондук дарегин  көрсөтүү менен, талап кылынган документти жол-жоболоштуруу жөнүндө кайрылуу;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
  • Күбөлөндүрүлүп жаткан жактын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
  • Документтин түрүнө карай, сунушталат:

— жашы жете элек баланы чет өлкөгө   коштоп жүргөн учурда, баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн жана жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн;

— кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн башкаруу укугуна ээ болгон учурда

— укугун белгилөөчү документтин (техпаспорт, үй китепчеси, автоунаанын техпаспорту, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.);

  • Консулдук жыйымдар АКШнын 50 долларын түзөт  («Народный Банк Казахстан» АКсында)

Кыргыз Республикасынын

Башкы  консулдугу

Алматы ш., Луганский көч., 30 А

БИН/ИИН    040950023012

KZ146017131000054149

БИК  HSBKKZKX

КНП 859

87272622122

87272916610