2024-жылдын 2-мартына карата маалымат билдирүүсү

2024-жылдын 15-февралында жана 1-мартында “Алтын Орда” базарында жаралган кырдаалды аныктоо максатында, Башкы консулдуктун кызматкерлери Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өкүлчүлүгү менен биргеликте айтылган базардын башкармалыгы  менен жолугушууларын өткөрүштү.

“Алтын Орда” базарынын өкүлүнүн сөзү боюнча, жүрүп жаткан инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын ноябрынан тартып соода орундарына тиешелүү тастыктоочу документтери жок ижарачылар аныкталган (төлөгөндүгү тууралуу финансылык документтер, ижарага жана субижарага негизги келишимдер).

Мындан тышкары, “Алтын Орда” базарынын өкүлү Тажикстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын өкүлдөрү менен катар Кыргызстандын башка жарандары дагы базардын аймагында ишкердик менен алектенишерин айтып, алар менен ушундай эле инвентаризациялоо процедурасы жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы боюнча, тиешелүү документтер берилгенден кийин базардын көпчүлүк ижарачылары өз ишин жүргүзүүнү улантышты.

Башкы консулдукка кайрылгандар инвентаризация жол-жобосу башталгандан бүгүнкү күнгө чейин соода орундарына тиешелүү документтерди бере албагандыгынан, ошого байланыштуу жагдайлар аныкталганга чейин соода орундарына мөөр басылып жабылганын белгилүү болду. Мөөр басылган соода орундарда жайгашкан товарларды ээлери өздөрүнө ыңгайлуу каалаган убакта алышса болот.

Ошол эле учурда “Алтын Орда” базарынын директору түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча арыз берүүчүлөрдүн жана базар администрациясынын жолугушуусун жакынкы арада өткөрөрүн маалымдады, юристтер менен макулдашуудан кийин.

Башкы консулдуктун Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы Өкүлчүлүгүнө бул факт боюнча жөнөтүлгөн кайрылуусу Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлиги тарабынан каралууда.