Жаңы жыл менен куттуктоо!

2457

Урматтуу Мекендештер!

 

Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан, Сиздерди келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Кирип келе жаткан Жаңы жыл жакшылыктын, ынтымактын, өнүгүүнүн, аруу ниеттер ишке ашкан жылдардан болсун.

2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын мамилелеринин түптөлүшүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн астында турабыз. Эки өлкөнүн мамилелери мындан ары да бекемделип, жогорку деңгээлге чыгышына тилектешпиз.

Ушул жагымдуу учурдан пайдаланып Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңыздарга чың ден-соолук, тынчтык жана ийгиликтерди каалайбыз.

 

Терең урматтоо менен,

                                                                                         Алмазбек Бейшеналиев

                                                                                                         Элчи

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK