Интервью Посла КР в ГК Н.Ниязалиева

8172

20 июля 2018 г. в газете Эркин Тоо опубликовано интервью Посла КР в ГК Н.Ниязалиева,посвязещенному инвестиционному и торгово-экономическому сотрудничеству между КР и ГК.

- Эки өлкө ортосундагы байланыш кайсы жылы түптөлгөн?

- Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык мамилелери 1998-жылдын 3-мартында түзүлгөн. Ал эми 2014 - жылы эки тараптуу саясий, соодаэкономикалык, маданий кызматташууну илгерилетүү максатында “Кыргыз Республикасынын Элчилигин Катар мамлекетинде түзүү” Жарлыгына кол коюлган. Ошентип, 2015-жылы мен элчиликке дайындалып, Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги эң биринчи элчиси болдум. Бардык чарбалык-уюштуруу жана протоколдук маселелер чечилген соң 2016-жылдын июнь айында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараты ачылган. 2012-жылдан тартып азыркы убакка чейин кызматташуу активдештирилгени байкалууда, буга өз кезегинде КР Премьер-министринин (2012- жыл) жана КР Президентинин (2014 жана 2015-жылдары) Доха шаарына болгон сапарлары чоң түрткү берди. Ал эми акыркы эки жылда эки мамлекет ортосундагы кызматташууну илгерилетүү жана бир топ маселелер боюнча жигердүү дипломатиялык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүн болду. Доха шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылышы менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилени толук кандуу өнүктүрүүгө зарыл болгон саясийдипломатиялык пайдубал негизделди. Бул биз үчүн тарыхый окуя болуп калды жана эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соодасатык, инвестициялык, гуманитардык багыттарда кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Арийне, биз Катарда жаңыдан гана дипломатиялык өкүлчүлүктү ачып жаткандыктан, адегенде эле инвестициялык жана соода-сатык мүмкүнчүлүктөрүбүз боюнча таанытуу иштерин жүргүздүк. Ошол эле мезгилде мамлекеттик органдар, бизнес чөйрөсү, маданият жана билим өкүлдөрү менен тыгыз байланыш куруу максатында бир топ алгылыктуу иш-аракеттер уланууда. Катар мамлекетинин эмири, премьер-министри, Мажлис аш-Шуранын спикери жана Тышкы иштер министри менен жолугушууларда эки тараптуу кызматташуунун жакынкы мөөнөттөгү иш-чаралары аныкталды. Мындан тышкары, жогорку деңгээлде болгон расмий сапарлардын, эң биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Президентинин эки жолку сапары учурунда макулдашылган маселелерди аткарууга чоң көңүл бурулду. Кызматташуунун келечектүү жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында Катар мамлекетинин министрлер кабинети, коомдук уюмдары менен бир катар жолугушууларды өткөрдүк.

 - Катардан инвестиция тартса болобу? –

 Албетте, Кыргыз Республикасынын Катар мамлекети менен кызматташуусунда соодасатыкты илгерилетүү жана инвестиция тартуу башкы максат. Андыктан, элчилик тарабынан бул маселеге олуттуу көңүл бурулууда. Банк тармагында кызматташуу катарлык инвестицияларды кыргыз экономикасына тартууга оң таасир берет деп эсептейм. Ошондуктан, Катардын борбордук банкынын Башкаруучусу менен жолугушуу болуп, жыйынтыгында Кыргыз Улуттук банкы менен Катардын Борбордук банкы ортосунда меморандум кабыл алуу жана иш сапарларын уюштуруу макулдашылды. Мисалы, бардык мамлекеттик менчик компанияларда инвестициялык бет ачар уюштурулууда. Негизги басым биздин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү сунуштоого, конкреттүү долбоорлорду талкуулоого жана тапшырууга, соода тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктоого жасалууда. Аракеттердин жыйынтыгында 2016-жылы экономикалык, соода жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргызкатарлык өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлүп (ӨАК), анын 1-жыйыны 2017-жылы 14-мартта Доха шаарында өткөн. Бул жолугушуу араб дүйнөсү менен кызматташуубузда биринчи жолку өкмөттөр аралык тарыхый жыйын болду. Мында соода, экономика, инвестиция, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну өнүктүрүү келишими бекитилген протоколго кол коюлду. Өкмөттөр аралык комиссиянын келээрки жыйыны 2019-жылы Бишкекте болот. Мындан тышкары, элчиликтин сунушу менен эки мамлекеттин Соода жана өндүрүш палаталары кыргызкатарлык кызматташууга түрткү боло турган биргелешкен Ишкерлер кеңешин түзүүнү башташты. 2017-жылдан тартып ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн Катар мамлекетине минералдык сууну экспорттоо келишими түзүлдү. Кыргыз айыл чарба өндүрүүчү лөрүнүн Дохадагы үч эл аралык көргөзмөгө катышуусу элчилик тарабынан уюштурулуп, катарлык ишкерлер менен сүйлөшүүлөрүнө жардам берилди. Ага кошумча, авиакаттам ачууга өзгөчө көңүл бурулууда. Элчиликтин сунушу менен 2018-жылы январь айында Кыргызстандын транспорт жана жолдор министри Ж.Калиловдун Катарга расмий сапары болуп, жыйынтыгында аба каттамы жөнүндө макулдашууга кол коюлган. “Катар Эйрвейз” авиакомпаниясынын башчысы менен 4 ирет жолугушуу өткөрүлүп, авиакаттамды изилдөө аяктаган соң аны ачууга даяр экендигине ал ишендирди. Соода мамилелерин жандантуу үчүн Кыргызстан-ӨзбекстанТүркмөнстан-Иран-Катар транспорттук коридорун түзүү каралууда. Бул коридор келечеги кең жана чыгымы аз болуп, деңизге жана араб мамлекеттерине жол ачмакчы.

- Акыркы убакта эки өлкө ортосунда гуманитардык кайрымдуулук иштери колго алынганы байкалат...

- Туура. Катарлык ири кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуулар болуп, жыйынтыгында жергебизде бир катар маанилүү биргелешкен социалдык долбоорлор иш жүзүнө ашырыла баштады. Алсак, Кыргызстандагы айрым кембагал үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам тартуу аракеттери ишке ашууда. 2017-2018-жылдары республиканын алыскы райондорунда 8 медициналык пункт 550 миң долларга салынды. Ошондой эле суу чыгаруу, майып жарандарга коляска, кулак угуучу аппараттары, тигүү машинкасы, жетим балдарга жардамдар берилген. Мындан тышкары, 2018-жылдын 27-июнунда “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондуна 500,000 доллар грант берилди. Эки өлкөнүн маданият тармагында да иштер жүрүп жатат, алсак, 2017-жылдын 10-13-майында Катардын маданият күндөрү Бишкек шаарында ийгиликтүү өттү. –

Сентябрда Кыргызстанда ири иш-чара өтөт, бул багытта катарлыктарга маалымдоо иштеринде кандай жаңылыгыңыз бар?

- Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көңүл буруу жагында чоң иш жүрүп жатат. Жалпысынан алганда 18 бет ачар жана 30дан ашуун жолугушуулар уюштурулду. ММКларды тартууга өзгөчө басым коюлуп, “Аль-Жазира” медиа-түйүнүнө, “beIN” медиа-группасына, Катар маалымат агенттигине, Катар медиа корпорациясына, “Пенинсула” жана “Аль-Ватан” гезиттерине бет ачарлар болуп, макалалар, интервьюлар жарыяланды. 3-ДКОну “Аль-Жазира” каналында медиа-өнөктөштүктүн негизинде рекламалоо сунушу киргизилди. “Аль-Жазира” эл аралык медиа-түйүнү менен өз ара иштешүү ийгиликтүү болду. Каналдан биздин өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө видеотасмалар араб тилинде бир аптанын ичинде 7 жолу көрсөтүлүп, алар бир күндүн ичинде бир нече жолу кайра-кайра кайталанып берилип жатты. Бул иш-аракеттер жана видеокөрсөтүүлөр араб мамлекеттериндеги жайкы эс алуу мезгилинин алдында болуп, араб туристтерин Кыргыз Республикасына тартууга көмөк берди. Ошондой эле, “Катара” маданий айылы менен биргеликте “Жибек Жолу 2018” Эл аралык фестивалында өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн көргөзгөн кеңири бет ачар болоору күтүлүп жатат. Ага улай, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. 3-июнда мекендештерге “Ак кеме” фильмин көргөзүү уюштурулду. Жыл аягына чейин башка иш-чаралар да өтөт.

- Ушу тапта Катарда иштеп, окуган канча кыргыз бар?

- Катар мамлекетинде жашаган жана эмгектенген 500дөн ашык кыргыз мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болуу жана аларга жардам берүү аракеттерине өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргыз диаспорасы менен сыйурмат мамилеси түзүлүп, ар дайым биргелешкен маданий жана спорттук иш-аракеттер өткөрүлүп турат. Мекендештер Дохада кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын зор кубаныч менен тосуп алышкандыгын баса белгилөө керек. 2018-жылдын 4-июлунда катарлык “АльСулаити” юридикалык фирмасы менен биргеликте кыргыз эмгек мигранттарына “Катар мамлекетинин эмгек мыйзамдары” боюнча атайын укуктук семинар өткөрүлүп, алар көптөгөн суроолорго жооп алышты. Жарандарыбызга толук кандуу консулдук колдоо көрсөтүлүп жатат. Жаңы маалыматтык технологиялардын киргизилиши менен консулдук колдоо көрсөтүү жакшырып, документтерди жасоо мөөнөтү кыскарды.

- Балким, арабызда Катарга барып жумуш кылам, ишкана ача алам же инвестиция тартууга долбоорум бар деген кыргызстандыктарга кандай жардам бере аласыз?

- Катар мамлекети менен кызматташууга кызыкдар ишкерлерди элчилик менен байланышууга чакырат элем. Соода-сатык, бизнес долбоор, инвестиция тартуу жагында жакшы сунуштарыңыздар бар болсо, мен катарлык тарап менен мамиле түзүүгө, кызматташууга колдон келген жардамымды берүүгө даярмын. Бир гана сураныч, сунуштар конкреттүү болуп, эсеп-кысабы даяр, чиймелери бар жана катарлык өнөктөш кандай пайда көрөөрү так эсептелген долбоор болуш керек. Катарлык ишкерлер инвестицияны жөн гана бере коюшпайт, алар дагы ар бир тыйынды эсептешет жана пайда табууга, киреше алууга аракет кылышат. Мага түз эле элчиликке чалсаңыздар же мени менен интернеттеги баракчам аркылуу байланышсаңыздар болот.

 - Катарда 2022-жылы Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өткөрүлөт, учурда өлкөнүн бул иш-чарага даярдыгы башталса керек?

- Футбол боюнча кийинки дүйнөлүк чемпионат Катар мамлекетинде 2022-жылы 21-ноябрдан 18-декабрга чейин өткөрүлөт. Бул мүмкүнчүлүктү катарлыктар 2010-жылы болгон добуш берүүдө өзүнүн атаандаштары Австралия, Япония, Түштүк Корея жана АКШдан утуп алган. Чечүүчү 4-турда Катар 14 добушка, ал эми АКШ 8 гана добушка ээ болгон. Ушу тапта чемпионатка даярдык абдан катуу жүрүп жатат. Мен бул эл аралык оюнду өткөрүү боюнча түзүлгөн атайын комитеттин жетекчиси Хасан Аль-Тавади мырза менен бир нече жолу жолуккам. Катарлыктар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга 200 млрд доллар жумшайбыз дешкен. Катар мамлекетинин каржы министри айткандай, азыр бул иш-аракетке апта сайын 500 млн доллар сарпталып жатат. Учурда 1 стадион толугу менен салынып бүттү жана 2020-жылга чейин калган 7 стадион салынары маалымдалды. Мындан тышкары, метро, бир канча мейманканалар, жаңы жолдор салынууда, аэропорт кеңейтилүүдө. Ал тургай Лусейл деген жаңы шаар тургузулууда. Менин оюмча, Катар мамлекети футбол боюнча кийинки дүйнөлүк чемпионатты татыктуу деңгээлде өткөрөт.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK