Элчи Аскар Бешимовдун Непалдын Тышкы иштер министринин орун басары Сева Ламсал менен жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 14-майында Ишеним грамотасын тапшыруу аземине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Непалдагы элчиси А.Бешимов менен Непалдын тышкы иштер министринин орун басары Сева Ламсал айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Непалдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз тарап Непал менен бир катар тармактарда, анын ичинде туризм, билим берүү, адам ресурстарын алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Непалдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүү, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Кызматташтык программасына кол коюу, кыргыз-непал эки аралык катнаштарынын актуалдуу багыттары боюнча келишимдердин долбоорлорун макулдашуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK