Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов «Административдик чыгаруу жана депортация боюнча мыйзамдарды аткарууда кездешкен кѳйгѳйлѳр» темасындагы тегерек үстѳлгѳ катышты

2019-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Коомдук палатасы тарабынан уюштурулган «Административдик чыгаруу жана депортация боюнча мыйзамдарды аткарууда кездешкен кѳйгѳйлѳр» темасындагы тегерек үстѳлгѳ катышты.

Жолугушууга Коомдук палатанын мүчѳлѳрү, Свердлов облусунун бир катар мамлекеттик кызматкерлери: Коомдук тартипти жана РФнын субъекттеринин аткаруу бийлиги, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдары менен ѳз ара кызматташуу башкармалыгынын, Адам укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн, Федералдык сот аткаруучулар кызматынын ѳкүлдѳрү катышышты. 

Тегерек үстѳлдүн катышуучулары РФнын аймагынан чыгарылуучу жана депортациялануучу чет ѳлкѳлүктѳргѳ жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык мыйзамдардын аткарылышындагы кѳйгѳйлѳр жѳнүндѳ, консулдук мекемелердин аталган процесстерге катышуусу тууралуу суроолорду талкуулашты.

Россиянын мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн, кѳбүнчѳ чет ѳлкѳлүк жарандар аларга карата РФнын аймагынан чыгарылуусу, депортациялануусу жѳнүндѳ кабыл алынган чечимдер адилеттүү экендигин моюнга алышаары белгиленди.

Р. Бийбосунов, ѳз сѳзүндѳ Сот аткаруучу кызматына кайрылуу менен, РФнын аймагынан чыгаруу тууралуу чечимдеринин аткаруу процессинин узакка созулуу кѳйгѳйүн белгилеп, жарандарды мекенине жѳнѳтүү үчүн сот чечимдерин ѳз убагында аткарууну ѳтүндү. Мындан тышкары, Башкы консул кабыл алуучу тараптын Россия Федерациясынын эмгек жана салык мыйзамдарын бузуусун: ижарага батир берүүчүлѳрдүн Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарын жашаган жери боюнча каттоого тургузуудан, жумуш берүүчүлѳрдүн эмгек келишимдерин түзүүдѳн баш тартуусу ѳтѳ кѳп кездешкен кѳйгѳй экендигин баса белгиледи.

Тегерек үстѳлдүн соңунда, кызыктар мамлекеттик органдарга багытталган корутунду документине Башкы консулдуктун сунуштары жиберилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK